Ислам Каримовдун биринчи никесинен төрөлгөн балдары эмне иш менен алек болуп жүрүшөт?

22 июня 2017 15:32 4694 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов менен анын балдары тууралуу массалык маалымат каражаттарында түрдүү маалыматтар чыгып жүрөт. Ошентсе да Каримовдун өлүмүнөн кийин балдары эмне менен алектенип жүрүшкөнү азыркы күнгө чейин көпчүлүккө маалым эмес.  Бул тууралуу “”fergananews” ка шилтеме берип “NUR.KZ.”  сайты кабарлады.

Ислам Каримов эки ирээт үй-бүлөө күткөн. Биринчи жубайы Израиль элчилигинин кызматкери Наталья Кучми, алардын Петр аттуу уулу бар.

Ал биринчи жубайы менен 1969-жылы ажырашкандан кийин,  Татьяна Акбаровнага экинчи жолу үйлөнгөн. Бирок, алардын никелери тууралуу расмий маалымат эч жерде жок.

Татьянадан Гүлнара (44 жашта) жана Лола (38 жашта) ысымдуу кыздары бар. Маалыматтарга ылайык, Каримовду диктатор кылган бул анын экинчи аялы делет. Аялы Каримовду оор дарт менен ооруп жаткан маалда да бийликти кармап турууга тырышкан.

Ал ушунчалык баарын алдын ала пландап жүргөндүктөн, Гүлнара менен Лоланы июнь айында дүйнөгө алып келген.

Каримовдун биринчи аялынын уулу Петр карындаштары менен катышышпайт.  Лола менен Гүлнаранын  бири-бири менен катышпай жүрүшкөнүнө он жылдан ашкан. Буга башы ызы-чуудан чыкпаган Гулнаранын аракеттери себеп  болуп саналат.

Гүлнаранын азыркы күндө эмне менен алектенери белгисиз. Бир убактарда "Гугуша" лакап аты менен ырдап чыккан ал атасынын казынасына ыр арнаган.

Азыр анын үнү гана угулуп өзү көрүнбөй кеткен.  Керек болсо өз атасынын жерге берүү зыйнатына да катышкан эмес. Кээ бирөөлөр аны тирүүлөрдүн катарында жок экенин айтып келишет. Эгер өлкөдөн чыгып кеткенге жетишсе, анда чет жерлерде жашап жүрүшү да ыктымал.

Лола Каримова-Тилляева көп убакыттан бери чет жерде жашап жүргөнү маалым. Анын күйөөсү – Тимур Тилляев ийгиликтүү бизнесмендердин бири. Жөн гана ийгиликтүү  эмес, Өзбекстандагы өтө “мартабалуу” кесипкөй адис болуп саналат.

Швейцарияда турган Тилляевтердин 40 млн долларга бааланган кыймылсыз мүлкү бар деген кептер айтылат. Атасы көз жумганда балдарынын арасынан Лола гана келгени белгилүү.

Петр Каримов Россияга көчүп кеткен. Туулган жери менен байланышын бир жолу үзгөн ал өз тилин да билбейт жана атасынын жерге бергенде да келген эмес.

Ата-энеси беш жашында балдар үйүнө өткөргөн Ислам Каримов үчүн туугандык байланыштын канчалыкты маанилүү болгоны белгисиз. Себеби, Ислам өз туугандары менен эч качан катышкан эмес. Каримовтун жээни Джамшид бийликке каршылык көрсөткөндүгү үчүн ооруканага жаткызылган, колунда бийлик болуп турган президент эч нерсе кылган эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/content3022



Добавить комментарий