“Лексус" айдаган кыз:”Мен сулуумун, ичсем болот!”

29 мая 2017 10:46 4168 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык  түйүндөрдө мамлекеттик номери В 6333 АQ болгон "Лексус" унаасын мас абалында айдап бара жаткан жаш кыз боюнча видое жарыяланды.   

Видеодо  болжол менен 18-20 жаштагы кыз, мас болуп алып аны бирөөлөр токтотуп унаасынын документтерин алып койгонун айтып нааразы болот. Кадр сыртындагы эркек (кайгуул милиция кызматкери) көңүл кош карабаган жарандар анын мас абалында рулга отурганын көрүп токтотушуп жана кайгуул милиция кызматкерлерин чакырышканын айтып жатат. Кайгуул милициянын кызматкери эмне үчүн алкоголь ичкенин сураганда кыз  “Мен сулуумун, ичсем болот!” деп жооп берди.

Окуя Бишкектеги "Народный" дүкөнүнө жакын жерде болгон.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1944



Добавить комментарий