Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда жарык өчүрүлөт
Поделиться в:
Бишкектин айрым райондорунда бүгүн, 17-мартта электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу “Түндүк электр” ачык акционердик коомунан кабарлашты.
Бишкектин төмөнкү райондорунда: саат 9.00–17.00гө чейин Ахунбаев, Джунусалиев көчөлөрүндө, 9.00–11.00гө чейин Абдраев, Дэн Сяопин, Кайназарова, Арзамасская; 9.00–18.00гө чейин Акмуз, Ростовская, Ладожская, 2-Черепки, Кудрук, Араванская, Кулиев көчөлөрүндө, Илийский, Беломорский чолок көчөлөрүнүн аймактарында жарык берилбейт.
Ссылка: https://barometr.kg/content12534
Добавить комментарий ×