Талас районунун айымдары “Альянс Алтын” компаниясынан белектерди алышты

13 марта 2018 09:43 705 Barometr
Поделиться в:
ok

“Альянс Алтын” компаниясы 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата Талас районунун айымдарын куттуктады.

Иш-чаранын алкагында Талас райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте “Көк Ой” айылынын маданият үйүндө айымдар үчүн майрамдык концерттик программа уюштурулуп, баатыр энелерге, көп балалуу турмуш шарты начар айымдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарга күнүмдүк турмуш шартта өтө керек болгон азык-түлүктөр салынган пакеттер тапшырылды.

 Ушундай эле куттуктоо аземи Бекмолдо айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте Талас районунун “Бекмолдо” айыл аймагынын 4 айылынын айымдары үчүн дагы уюштурулуп белектер тапшырылды.  Жалпысынан бул күнү район аймагында жашаган 200 дөн ашык аял затына “Альянс Алтын” компаниясы камкордук көрсөттү.   

Ссылка: https://barometr.kg/content12356



Добавить комментарий