Бишкекте бул аптада кар жаап, суук болот
Поделиться в:
Аба ырайын алдын ала болжолдоочулардын берген маалыматына таянсак, бүгүн кечинде катуу жамгыр жаайт.
Эртең 13-мартта ала бүркөк болуп, 14-мартта түнкүсүн температура 0 градуска чейин төмөндөйт.
15-март бейшемби күнү кар аралаш жамгыр жаайт.
16-мартта аба ырайы күндүз + 1 градус гана жылуу болуп, түнкүсүн -3 градуска чейин суук болот.
Ал эми эс алуу күндөрү аба ырайы кайрадан жакшырат жана күн ачылат.
Ссылка: https://barometr.kg/content12321
Добавить комментарий ×