Жол инспектору өзүн Иса пайгамбармын деп жарыялады, 5 миң киши келди

7 марта 2018 13:55 2987 Barometr
Поделиться в:
ok

“Сибирдин Петропавловка деген аймагында миңдеген адам чогулуп өзүн Иса пайгамбармын деп жарыяланган кишиге чокунууга келип жатышат”,-деп жазат Shared.

Иса пайгамбармын деген адамдын насааттарын угуш үчүн 5000 киши келген. Өзүн Виссарион деп атап алган бул киши вегетарианство, боло турган кыямат жана  ааламды каптай турган топон суу тууралуу айтып жатат.

Ошондой эле анын артынан ээрчигендер 10 томдук Виссариондун акыркы китебин да окушууда.

 Чындыгында өзүн минтип атап алган адамдын аты-жөнү- Сергей Анатольевич Торо жана жашы 56да. Кызыл армиянын катарында кызмат өтөп келген, 1989-жылга чейин жол кыймылынын инспектору болуп иштеген.

1990-жылдары Сибирге барып токойдон бир үжөрө үй салып жашап калган, эми ал үйү учурда күндүн энергиясы менен жылыган, спутник телевидениеси бар чоң огородго ээ болгон жайга айланган.

  

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12264



Добавить комментарий