БШК Аида Салянованын депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотту

3 марта 2018 15:38 707 Barometr
Поделиться в:
ok

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин Ата-Мекен фракциясынан депутат Аида Салянованын депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Чечим бүгүн 3-мартта өткөн жыйында кабыл алынды.

Ленин райондук соту 10-октябрда Аида Саянованы мүлкүн конфикациялоо менен 5 жылга эркинен ажыраткан. 7-февралда Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Ссылка: https://barometr.kg/content12142



Добавить комментарий