Кыргыз волейболчулары алгачкы жеңишке жетишишти

23 марта 2017 10:09 427 Barometr
Поделиться в:
ok

 

Волейбол боюнча улуттук курама команда 22-мартта Азия чемпиондугунда алгачкы беттешин өткөрдү. Анда үй ээси Мальдив аралдарынын волейболчулары менен ойноду. Оюндун алгачкы бөлүгүнөн тарта активдүү ойногон кыргыз спортчулары 3 партияда тең жеңишке жетишти. Эсеп 3:0 (25:22, 33:31, 25:20) болду. Быйылкы өтүп жаткан чемпиондукта 4 өлкө күч сынашууда. Аталган эки өлкө менен кошо Непал жана Түркмөнстан курама командалары бар.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1207



Добавить комментарий