Джерүйдү иштетип жаткан компания ИИМдин Талас райондук бөлүмүнө жаңы имарат куруп берди

1 марта 2018 00:02 911 Barometr
Поделиться в:
ok

Талас районунун Көк-Ой айылында Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) тергөө бөлүмүнүнүн жаңы имаратынын салтанатуу ачылышы болду. Имарат “Бакубат Талас” фондунун каражатына курулган.  

Талас РИИБнин башчысы Болот Омуралиев маалымдагандай, буга чейин райондук милиция кызматкерлеринин шарты жумшагыраак айтканда абдан начар эле.Тергөөчүлөр эскилиги жетип, чалдыбары  чыккан, эбак бузулууга тийиш болгон авариялык абалдагы имаратта иштөөгө мажбур болушчу. 1992-жылдан, тактап айтканда 25 жылдан бери РИИБдин негизги имаратына косметикалык ремонт жүргүзүлгөн эмес. Ошондой эле Чат-Базар айылындагы милиция бөлүмүнө капиталдык ремонт зарыл болгон. 

Буга байланыштуу кызматкерлердин ишине жакшы шарт түзүүнү камсыздоо максатында ал ар кандай инстанцияларга, анын ичинде Джеруй кенин иштетүү укугуна ээ болгон “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан негизделген “Бакубат Талас” фондуна да көмөк сурап кайрылган.

Түзүлгөн жагдайды карап жана алар тарабынан даярдалган долбоор менен таанышып чыгып  “Бакубат Талас” фондунун байкоочу кеңеши 2 млн 300 миң сом бөлүп берди. Дагы 70 миң сомду КРнын Ички иштер министрлиги бөлдү.  

Анын натыйжасында кыска убакыт аралыгында РИИБдин тергөө бөлүмү үчүн жаңы заманбап имарат курулду. Ошондой эле   милициялар үчүн ашкана жана мончо курууга, РИИБдин негизги имаратын жана Чат-Базар айылындагы милиция бөлүмүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө мүмкүндүк болду.  

Салтанатуу ачылышка “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун орун басары, байкоочу кеңештин төрагасы К. Мусаев, КРнын өкмөтүнүн Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары  К. Осмонбеков, Талас областынын ички иштер башкармалыгынын башчысы И. Касымбаев, Талас районунун акими Б. Нуржанов, райондун мекеме уюмдарынын башчылары, милициянын ардагерлери катышты.

Сөз алып сүйлөгөн областын жана райондун жетекчилери, милициянын ардагерлери  РИИБдин кызматкерлерин жаңы имараттуу болушу менен куттукташты жана “Бакубат Талас” фонду менен “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомуна аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө  кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти. Өз кезегинде К. Мусаев  иш-чарага катышкандарды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады жана РИИБдин кызматкерлерине белектерди тапшырды. 

Ссылка: https://barometr.kg/content12041



Добавить комментарий