“Вечерний Бишкектин” экс-кожоюнун алты жылга абакка кесүүнү сурашты

14 февраля 2018 16:33 543 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик айыптоочулар «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн мурдагы кожоюну Александр Кимди үй мүлкүн конфикациялоо менен алты жылга эркинен ажыратууну жана жабырлануучу Александр Рябушкинге 27 миллион сом төлөп берүүнү сурашууда.   

Сотто тараптар жарыш сөзгө чыкты. Жактоочулар алардын коргогон адамын актоону сурашып, анын күнөөсү далилденбегенин, тергөө иштери кылмыш-процессуалдык кодексин одоно түрдө бузуу менен жүргүзүлгөнүн айтышты.

Эскерте кетсек, Александр Ким коммерциялык уюмдун ыйгарым укуктарын ашыкча колдонууга жана ишенип тапшырылган мүлктү ыйгарып алууга айыпталып жатат.   

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11691



Добавить комментарий