Бишкектин абасы. Бизге тажрыйба жүргүзүп жатышат

14 февраля 2018 14:04 802 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарында «МувГрин» коомдук бирикмеси ак кеземеден тигилген «#ВоздухвБишкеке» деген жазуусу бар баннерди жайгаштырды.

Экологдор кездеме канчалык кирдеп калат деп тажрыйба жүргүзүп көрүшмөкчү.

Аталган коомдук фонд Бишкектеги абанын сапатын текшерүү менен иш алып барат. Буга окшогон өлчөгүч кездемелерди Москва-Эркиндик, Киев-Тыныстанов, Ботаникалык бакчанын аймагына жана Горький көчөлөрүнө жайгаштырышты. Анализ алынгандан кийин маалыматты шаардыктарга жарыялашмакчы.    

Буга чейин «МувГрин» коомдук бирикмесинин директору Мария Колесникова “Бишкектин абасы Пекин шаарынын абасынан дагы начар болуп калды”,- деп билдирген болчу.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11682



Добавить комментарий