Жалпы республикалык тест сынагына каттоо башталды
Поделиться в:
Эртең, 15-февралдан тартып Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо иштери башталат. Каттоо иштери 5-апрелде соңуна чыгат. Бул тууралуу, бүгүн 14-февралда болгон басма сөз жыйынында мектепке чейинки жана мектеп билим берүүсү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев маалымдады.
Тест тапшыруу 2018-жылдын 14-майынан тартып 20-майга чейин жүргүзүлөт.
Учурда республикада 62 миң бүтүрүүчү бар. Быйыл жогорку окуу жайларга 5 705 гранттык орун каралган.
Ссылка: https://barometr.kg/content11672
Добавить комментарий ×