Чолпон Султанбекова иш сапары менен Талас областында жүрөт

17 марта 2017 17:45 408 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бир күндүк иш сапары менен Таласта болуп, облус аймагындагы бир катар саламаттык сактоо мекемелеринин иши менен жеринде таанышып, айтылган көйгөйлүү маселелердин чечүү жолдору талкууланды. Бул туралуу Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укукту өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Мындан тышкары, Талас шаарындагы зордук-зомбулукка кабылган балдарга жардам көрсөтүү “Кайрым” борбору, Бакай-Ата райондук “Жалпы типтеги карылар, дене бою мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык стационардык мекемеси” менен жана Покровка айылындагы “Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам берүү борбору” менен таанышып, иш алып баруу системасын өзгөртүү боюнча сунуштарды айтып кетти.

Ссылка: https://barometr.kg/content1167



Добавить комментарий