Министрге кыргыз тилинен сабак берген мугалим керек, айлыгы 12 миң сом

13 февраля 2018 22:23 608 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Экономика министрлиги өз кызматкерлерине кыргыз тили сабагын окутууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды. 

Министрликтин 100 кызматкери Мамлекеттик тил комиссиясынын окутуу борборунда окуудан өткөрүлөт. Курс үч айга созулат.

Кызматкерлерин окутууга Экономика министрлиги тарабынан 324 миң сом каралды.

Министрдин өзүн окутууга 36 миң сом бөлүнмөкчү. Ай сайын окутуучуга 12 миң сом айлык берилет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11654



Добавить комментарий