Кыргызстанда чемичке чаккандарга, момпосуйдун кабыгына 2000 сом айып салынат

13 февраля 2018 22:07 1009 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда майда-чүйдө таштанды таштагандарга айып пул салуу сунушталды. Админстративдик жоопкерчилик тууралуу кодекске киргизиле турган өзгөртүүлөр боюнча мыйзам коомдук талкууга коюлду. 

Ага ылайык, көп кабатуу үйлөрдүн алдына, парктарга, скверлерге, көчөлөргө жана башка коомдук жайларга момпосуйдун кабыгын, тамекинин калдыгын, бөтөлкө, чемичкенин кабыгын таштагандарга жыйырма эсептик көрсөткүч боюнча айып пул салуу каралууда. Бул 2000 сом болуп эсептелет. Мындай жаза унаа айдап баратып таштанды таштагандарга дагы колдонулмакчы.     

Мыйзам долбоору шаарлар менен калктуу пункттардын абалын жакшыртууга багытталган.  

Мыйзамдын демилгечиси-«Республика — Ата Журт» фракциясынан депутат Махабат Мавлянова

Ссылка: https://barometr.kg/content11653



Добавить комментарий