Айтматов сыйлыгынын акчасынын жоголушу жабык талкууланды

13 февраля 2018 17:43 620 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалышы боюнча маселени жабык талкуулады.

Жыйында депутаттар УКМКнын өкүлүнүн бул окуя боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу маалыматын угушту.

Комитеттин мүчөсү, “Республика - Ата-Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабировдун айтымында, кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатканына байланыштуу көп маалыматтар ачык жарыяланбайт.

“Азырынча көп нерсе түшүнүксүз. Кандайча Эл аралык бөлүмдүн кызматкерлери акчаны алганы, кандай которулганы белгисиз”, - деди Сабиров.

Ошондой эле акчаны бөлүү боюнча Жогорку Кеңештин төрагасына кат менен кайрылган ал кездеги Эл аралык иштер комитетинин төрагасы Аскербек Шадиевдин жоопкерчилиги тууралуу сүйлөп жатып Сабиров "ал киши мындай каражатка муктаж эмес" деген пикирин билдирди.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закировго кылмыш ишин козгоп, эки айга камакка алынды. Маалыматка караганда, КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын 30 миң доллар акчалай сыйлыгын Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров 2017-жылдын сентябрь айында колуна алган.

Ал үчүн парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол кездеги төрагасы, азыркы биинчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин колу коюлган катты ошол кездеги спикер Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурган. Бул акча бөлүнгөн соң Закиров жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырган.

Бул окуя боюнча вице-премьер Шадиев журналисттердин суроолоруна комментарий бербей жүрөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content11652



Добавить комментарий