Жакырчылыктан кантип кутулуп чыкса болот?

13 февраля 2018 13:24 3890 Barometr
Поделиться в:
ok

Жакырчылыктан, тартыштыктан, жетишпеген жашоодон кутулуш үчүн эмне кылуу керек? Биринчи кезекте сизди бул жерге кармап чыгарбай турган күнүмдүк жаман адаттардан кутулушуңуз керек болот. Кыргыздарда “дөөлөт-тоголок, кармабасаң качып кетет, мээнет- жалпак чыгарсаң болбой жабышат” деп коюшат. Бирок мээнетти адам өзү билбеген жаман адаттары менен түзүп алат. Душмандын ким экенин билиш үчүн биринчи аны тааныш керек туурабы? Сизди байлыкка жеткирбей жаткан жаман адаттар кайсылар экенин жакшылап билип алып, алар менен күрөш жүргүзүңүз! Жакырчылыктын сазынан байлыкты көздөй акырын чыга баштайсыз!

Өзүңүздү аяганды токтотуңуз!

Жакырчылык менен жанаша жашаган адамдар өздөрүн абдан аягандар алар байлыкты тагдыр өзү берет деп аракет кылбай отура беришет. Мисалы, ал өзү жакыр үй-бүлөдө чоңойду ким жардам бермек эле. Жеке каалоо, мүмкүнчүлүк издөө жана өнүгүү мындай адамдардын оюуна да келбейт.

Наалып нааразы болбоңуз! 

Наалыгандын өзү жакрычылыкка ишенимдүү ташталган кадам. “Жашоо оор, өкмөт бакпай жатат, баары алдым-жуттум, депутаттар жеп алды, айланадагылардын баары калп. Менин жакшы болбой жатышыма, биздин өлкө, ата-энем, күйөөм, аялым, балдарым күнөөлүү”. Ушундай ойдо жүргөн болсоңуз анда бир аз токтоп ойлоңуз. Адамдар эмес сиздин ой-жүгүртүүңүз начар болуп жатпасын! Көп учурда жолу болбогон адам дал ушинтип ойлонот. Ийгиликтүүлөр дайыма жол таап, кайсы шартта, кандай өкмөттө жашабасын адал эмгек кылышып акыбетин көрүшөт.

Ар бир кыйынчылыктан жеңиш менен чыгууга аракет кылыңыз!

Жагымсыз окуялар кимде гана болбойт, баарын тынч кабыл алып, сабыр тутуп, бул жагдайга кандайча туш келип калганыңызды ойлонуңуз! Балким бул жагдай сиздин тажырыйба алышыңызга түзүлгөн шарт болуп жатпасын!

Ач көздүктөн кутулуңуз!

“Арзандатуу” деген жерге чуркаган, балдарына билим берүүдөн аянган, өз кызматкерлерин берген акчасынан ашыкча иштеткен, дем алыш күндөрү да иштөөгө мажбурлаган, бирөөнүн эмгегин жеген адамдарга акча жукпайт! Алар канчалык зыкымдык менен тапкан акчалары желге учкан каакымдай болуп акыры бир күнү анын колунан кетет же анын мураскорунун колунан жоголот! Ошондуктан ачкөздүктү токтотуп, напсиңизди тыйып, тапкан каражаттын бир бөлүгүн кайрымдуулукка жумшаганды үйрөнсөңүз ал сизди ар кандай жамандыктардан коргойт.

Байлыкка жетчү адам ар бир ишти реалдуу баа менен баалайт жана ошондой төлөгөндөн качпайт.

Ийгиликти акча менен өлчөгөндү токтотуңуз!

Жакыр адамдар дайыма чоң суммадагы акчага ээ болсо эле бактылуу болуп, кубанычы койнуна батпай түбөлүк жыргап калчудай сезишет. Ар бир учурдан бакыт таба билиңиз, ошондо бараандуу да, бай да жашай аласыз.

Өзүңүзгө жакпаган иш менен алектенбеңиз!

Эгер адам өзү жүрөгү менен күйүп бышпаган ишти мажбур болуп жасап жатса, анда ал жакырычылык менен достошуп күнүн илең-салаң кылып жүрүптүр. Чыныгы жаккан иш менен эргүү алып иштеңиз. Күнү токтобой иштегендер, түнү токтобой иштегендер, чыгармачылык жактан эргигендер гана байлыкка жетет.

Башкалар менен өзүңүздү салыштырбаңыз!

Башкадан кыйынмын дагы, андан төмөнмүн дагы деген салыштыруу текебердик болуп саналат. Ар бир адамды Кудай өзгөчө кылып жараткан жана ар бири өзүнүн алдындагы ишин аткара билиш керек.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11638



Добавить комментарий