Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

13 февраля 2018 07:30 622 Barometr
Поделиться в:
ok

12-февралдан 14-февралга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы жолдордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Негизинен Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265- чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370- чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11615



Добавить комментарий