Жер планетасы кооптуу мезгилге кирди. 15-февралда Күн тутулат

12 февраля 2018 22:35 4783 Barometr
Поделиться в:
ok

 2018-жылы баардыгы болуп 5 тутулуу болот. Быйылкы жылдын тутулуу сезону 31-январдагы Ай тутулуу менен башталса 15-февралдан 16-февралга караган мезгилде Күн тутулуу болот.

Күндүн жарым жартылай тутулуусу 15-февралда Москва убактысы боюнча саат 21:55те башталат жана 16-февралда саат 1:47де аяктайт.  Бул асман кубулушун Аргентинада, Чили, Уругвай, Бразилия жана Антарктидадан көрүүгө болот. Россия жана бул убакытта аймагына түн кирген өлкөлөрдө Күндүн тутулуусу көрүнбөйт бирок адамдар анын таасирин сезе алышат.   

1-февралдан 15-февралга чейинки аралыкты астрологдор тутулуунун коридору деп атап алышкан.  Бул кооптуу мезгил болуп эсептелет жана адамдар ойго келбеген иштерди жасап салууга жөндөмдүү болушат.

 Күн тутулгандан кийин Чыгыш календары боюнча Жаңы жыл, Ит жылы келет

“Тутулуу коридору эмоциялык жактан чыңалган абал менен коштолот жана бул арада тагдыр чечерлик чечимдерди кабыл алганга болбойт”,- деп эсептешет астрологдор.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11613



Добавить комментарий