Жубайлар жарыша өз жанын кыйышты

12 февраля 2018 16:15 3476 Barometr
Поделиться в:
ok

Түгөйлөр биринин-артынан бири дароо жанын кыйышкан. Трагедиянын себептери так белгисиз.

Тергөөчүлөрдүн божомолу боюнча жубайлар үй-бүлөдөгү жаңжалдан улам ушундай кадамга барышкан.

Маалыматтарга караганда, 35 жаштагы Куляб шаарынын тургуну Сабохат Саъдуллоева уксус ичип алган. Аял ооруканага жеткирилип, эки күндөн кийин көз жумган.

Бул окуядан кийин Восей районунун Рудаки айлындагы дөңсөдөн анын күйөөсүнүн сөөгү табылган.

Маркум түгөйлөр Куляб шаарында жашаган. Алардын артында үч бала калды.

Ссылка: https://barometr.kg/content11607



Добавить комментарий