Диктатордун жашыруун аялы (фото)

12 февраля 2018 14:23 4492 Barometr
Поделиться в:
ok

Түндүк Кореянын  биринчи айымы болгон Ли Соль Чжу массалык медианы өзүнүн диктатор жубайынан да артык кызыктырып келет.   

2012-жылы публикага пайда болгон кезден тартып үч баланын энеси болгон бул сулуу айым дүйнөлүк медианын көңүл чордонуна айланды. Ал тууралуу чыныгы маалыматтар аз жана Чжу тууралуу кептер дайыма жашыруун, сырдуу маалыматтар менен коштолуп келет.

Ли Соль Чжу 1989-жылы Кореядагы университеттин мулагиминин үйүндө жарык дүйнөгө келген. Бирок анын туулган күнүнүн, жылынын да так датасы белгилүү эмес. Кыз Кымсон исскуство мектебинен билим алган. Бирок аталган мектепке жалаң гана элитанын балдары барганын эске алганда кыздын ата-энеси  бай адамдардын катарын толуктаганын болжолдоого болот. Студент кезинде эле Чжу кымбат баалуу сааттарды тагынып, айланасындагылардын көзүн күйгүзүп стилдүү кийинген.   

Соль Чжу ырчы катары карьерасын баштап «Пончхонбо» ансамблинин солисткасы болгон.

2011-жылы Ким Чен Ир каза таап, бийликке анын уулу келген. Соль Чжу Ким Чен Ын менен бирге эл алдына чыккандан тартып айың кептер башталган. 2012-жылы мамлекеттик ЖМКлар бул кыз чындап эле Ким Чен Ындын жубайы экендигин жазып чыгышкан.

Алар качан үйлөнгөнү белгисиз бирок үч балалуу болушканы айтылып жүрөт.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11599



Добавить комментарий