Апрель айынан тартып жылкыларга “паспорт” бериле баштайт

12 февраля 2018 13:48 858 Barometr
Поделиться в:
ok

2018-жылдын апрель айынан тартып Мамлекеттик ветеринардык инспекция  жылкыларды индентификациялоону баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңеште Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Калыс Жумаканов билдирди. 

Анын айтымында, өлкө боюнча 1,5 млн уйду идентификациялоо планы иштелип чыккан. Учурда  алардын 1 млн 200 миңи маалымат базасына киргизилди. “Чүй областынын тышкары баардык областарда идентификациялоо аяктады. Апрель айынан тартып жылкыларды идентификациялоо башталат”,-деп айтты Жумаканов.   

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11595



Добавить комментарий