“Тазалыкта” иштеген аял жол тазалап жүргөндө унаа сүзүп каза тапты

12 февраля 2018 11:52 920 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте  «Тазалык» муниципалдык ишканасында иштеген аялды унаа сүзүп кетип каза тапты. Бул тууралуу аталган ишкананын директору Рыспек Сарпашев маалымдады.

 Анын айтымында, кырсык бүгүн эртең менен болду.

“Болжол менен саат 8.00дө Абдрахманов жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде “Тазалыктын” жумушчусу жолдун жээгин шыпырып жүргөндө аны унаа сүзүп кеткен. Аялдын жашы 60тар чамасында болгон. Айдоочу окуя болгон жерден качып кетти. Учурда бул иш боюнча иликтөө башталды”,-деп айтты Рыспек Сарпашев.

Ссылка: https://barometr.kg/content11588



Добавить комментарий