Кыска мөөнөттүү дагы бир бала бакча ачылды

12 февраля 2018 08:45 809 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй облусунун Москва районунун Кыз-Моло айылында кыска мөөнөттүү бала бакчанын салтанаттуу ачылышы өттү. Ачылыш аземинде айыл өкмөттүн башчысы, райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери, педагогдор, ата-энелер жана балдар катышты.

Бала бакча Целинный орто мектебинин базасында 100 балага ылайыкташтырылып түзүлдү. Бала бакчада керектүү өнүктүрүүчү жана санитардык-гигиеналык шарттар түзүлгөн, эмерек, окуу-усулдук, көрсөтмө куралдар, өнүктүрүүчү оюндар, килем, оюн аянтчасы менен камсыз болгон. Андан сырткары, санитардык туюндөрдүн оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлгөн.

“Жергиликтүү жамааттын муктаждыгына жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык болгон кыска мөөнөттүү бала бакчалар эң эле эффективдүү моделдердин бири деп эсептейм, ошондуктан аз бюджеттүү бала бакчаларды түзүү боюнча демилгелерди колдоо керек”, - деп Целинный айыл өкмөтүнүн башчысы белгилеп кетти.

Эске салсак, 3-5-жаштагы балдардын мектепке чейинки билим алууга мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн КР Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын “Мектепке чейинки билим берүү” долбоорунун алкагында республика боюнча 120 кыска мөөнөттүү бала бакчаларды түздү.

Белгилеп кетсек, 120 кыска мөөнөттүү бала бакча республиканын алыскы райондорунда ачылууда. Жалпысынан 120 бала бакча 10 000 тегерегинде балдарды камтыйт.

Ссылка: https://barometr.kg/content11576



Добавить комментарий