Бириккен Араб Эмирлиги Казакстандын жарандары үчүн визасыз режим киргизди

12 февраля 2018 08:17 711 Barometr
Поделиться в:
ok

10-марттан тарта Казакстандын жарандары Бириккен Араб Эмирлигинин аймагында 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Бул тууралуу БАЭнин Казакстандагы элчилиги Твиттер баракчасы аркылуу билдирди.

«10-марттан тарта Казакстандын жарандарынын Бириккен Араб Эмирлигинин аймагында 30 күнгө чейин визасыз жүрүүсүнө мүмкүндүк берген визасыз режим күчүнө кирет. БАЭге кош келиңиздер», — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Буга чейин Казакстандын тышкы иштер министрлиги Кайрат Абдрахманов 2017-жылы Бириккен Араб Эмирлиги менен паспорттордун бардык түрлөрү боюнча визасыз режим тууралуу макулдашууга кол коюлганын билдирген. Макулдашуу күчүнө кириши үчүн БАЭнин бардык эмираттарынын жактыруусу керек болчу.

Казак өкмөтүнүн 2012-жылдагы токтому менен Бириккен Араб эмирлигинин жарандары Казакстандын аймагында 30 күнгө чейин визасыз жүрүү укугуна ээ болушкан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11574



Добавить комментарий