Телефоңузду тыңшоого алып жатышканын кантип билсеңиз болот?

10 февраля 2018 14:24 9511 Barometr
Поделиться в:
ok

 Башка бирөөнүн уюлдук телефонуна тыңчы программаны орнотуу азыр оор деле эмес, ошондуктан сизди башка бирөө тыңшоого алып жатпаганына кепилдик бере албайсыз.  Сиздин телефоңуздун тыңшоодо экенин төмөнкү белгилер аркылуу байкасаңыз болот.  1. Батареянын жогорку температурада болушу Эгерде телефоңуздун аккумулятору ысый баштаса бул анын заряды түгөнүп баратканынын белгиси. Сүйлөшүп жатканда бул кадыресе көрүнүш, бирок эки саат бою аппаратка эч ким тийбей турса да ал жылуу бойдон сакталса, анда телефондо тыңчы программа иштеп жатышы ыктымал.  2. Телефондун кубаты бат-бат түгөнүп жатса   Телефондун кубаты бара бара аз боло баштаганы кадыресе көрүнүш, бирок  бир апта мурда  эле анын кубаты үч күнгө жетип, ал эми азыр бир күнгө да жетпей бат-баттан түгөнө баштаса анда жакшылап ойлонуп көрүңүз.  3. Телефонду өчүргөндө көпкө дейре өчпөй туруусу Телефонду өчүрүп жаткан учурга көңүл буруңуз. Бул маалда ал көпкө дейре өчпөй турса жана жарыгы өчүп күйүп жатса да шектүү программа бар болушу ыктымал.  4. Жалпы шектүү “жүрүм-турум” Телефон өзү жарыгын өчүрүп, кайра жүктөлүп, программа жүктөп же жаңы программаны ишке кошуп жатса да абайлаңыз.  5. Башка добуштардын коштолуусу  Сүйлөшүп жаткан учурда жаңырыктап же кандайдыр бир добуштун коштолушу да телефондун тыңшалып жатканынан кабар берген белги болушу ыктымал.       

Ссылка: https://barometr.kg/content11561



Добавить комментарий