Студент кыз миллиондогон акчадан букет жасап, жигитине белек кылды

10 февраля 2018 12:12 4636 Barometr
Поделиться в:
ok

Таиланддык студент кыз жигитине акчадан жасалган букет белек кылды. Бул тууралуу Lenta.ru булагы кабарлады.

 Кыз жигитинен “туулган күнүңдө эмне каалайсың?” деп бир нече ирет сураган.

“Ал мага “кандайдыр бир мырзаларга бериле турган белек кылсаң болот” деди. Ага эмне береримби биле албадым, анткени мырзаларга бериле турган көп нерсе бар эмеспи. Ошондо ушул идея башыма келди”,-деп айтты кыз.

 Студент кыз банктан 100 миң бат (Таиланддын акчасы) чыгарып алып аны гүл жазаган адамга алып барган, флорист болсо акчаларды букет жасап берди.

Андан кийин кыз жигитти ресторанга чакырып бул таң калыштуу белегин тапшырды.

 “Бул ага абдан кызык сюрприз болду. Мен анын өзгөчө жигит экенин ушунтип билдиргим келди”,-деп айтты кыз.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11555



Добавить комментарий