Өкмөт башчыны тинтүүгө алганда жанынан алтын тапанча табылды (видео)
Поделиться в:
Алдамчылык иши боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Россиянын Дагестан республикасынын өкмөтүнүн убактылуу төрагасы Абдусамад Гамидовдон ТТ үлгүсүндөгү алтын тапанча, «Беретта» тапанчасы, эки Калашников автоматы жана ок-дарылар алынды. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар кабарлашууда.
Тинтүү иштери кечээ, 5-февралда жүргүзүлгөн. Ишти Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы алып барган.
Гамидовдон тышкары дагы эки чиновник бул кылмыш ишине катышы бар деп кармалды. Тергөө башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/content11426
Добавить комментарий ×