Дубайлык аялдын бир туфлиси эле 15 миллион долларга бааланды

2 февраля 2018 12:54 1872 Barometr
Поделиться в:
ok

Британиялык дизайнер Дебби Уингэм баасы 15 миллион турган дүйнөдөгү эң  кымбат туфлини  тааныштырды. Туфлини дубайлык аял өзүнүн 30 жашка чыккан сиңдисине белекке бериш үчүн жасаткан.   

Булгаарыдан жасалган бут кийимге дизайнерлер сейрек кездешүүчү ак, кызгылт жана көгүлтүр брилианттарды чегеришкен. Баардык брилианттар платинага чөгөрүлүп кооздолгон. Сыдырмасы жана башка деталдары таза алтындан жасалгаланган. Ал тургай булгаары дагы чыныгы 24 караттык алтындын боегуна боелгон. Туфлини тигип жаткан учурда дагы алтын жиптер колдонулган.

Дизайнер Дебби мындай кымбат туфлиден тышкары дүйнөдөгү эң кымбат көйнөктү тиккен адам болуп саналат. Аны ал 2013-жылы 15,45 миллион доллар баалап, кызыл брилианттарды чөгөрүп араб стилинде жасап берген.   

Ссылка: https://barometr.kg/content11297



Добавить комментарий