Акчаны көбөйтүүнүн он эки эрежесин жаттап алыңыз!

31 января 2018 16:26 8247 Barometr
Поделиться в:
ok

Акыркы 100 жылдыктагы эң бай адамдардын бири Джон Рокфеллер болгон. Анын байлыгы  400 млрд. долларга жеткен. Ошондуктан байлыкты көбөйтүү боюнча Рокфеллердин 12 эрежесин билүү сизге пайдасын тийгизиши ыктымал. Анын эрежесин 10 пайыз өздөштүргөн болсоңуз да сизге ийгилик алып келери анык.   1.  Бирөөгө аз иште! Бирөөгө канчалык көп иштеп берген сайын өзүңө ошончолук начар болот.  2.  Акчаны үнөмдө! Эгер мүмкүн болсо товарларды дүңүнөн сатып ал. Сатып алуучу товарлардын тизмесин алдын ала даярдап ал.  3. Эгерде акчаң аз болсо анда тезинен бизнес башта! Эгер акча таптакыр жок болсо анда тезирээк бизнес кыл! Дал азыр!  4.  Чоң байлыкка жетиш үчүн пассивдүү киреше булагын пайдалан! 5.  Айына аз дегенде 500 миң сом иштеп табууну ойлон!  Андан көп болсо мейли, аз болбосун.  Башкача айттканда анын мааниси глобалдуу ойлон дегенди түшүндүрөт.   6. Акча сага башка адамдар тарабынан келет. Тааныш-билиш күт! Байланыш түзө албаган адам байыбайт.   7. Айлана-чөйрөң жакыр болсо сени жакырчылыкка тартат. Дайыма жеңишке жетишкен оптимист адамдар менен баарлаш!   8.  Жакырчылык жоопкерчиликтин жоктугунан келип чыгат. Эмне үчүн азыр максатыңа жетпей атканыңды айтып актанба, аракет кыл!  9, Бай жана ийлигиликтүү адамдардын биографиясын жана ойлорун окуп үйрөн! 10.  Кыялданганды бил! Кыялды бизнес- программага айлант. Ошондо кыялың чындап ишке ашат!  11. Адамдарга эч нерсе үмүт этпей чын дилден жардамдаша бил! Тапканыңдын 10 пайызын кайрымдуулукка жумша. 12 Бизнес-системаларды түз жана тапкан акчаңдын жыргалын көр!  

Ссылка: https://barometr.kg/content11224



Добавить комментарий