Мэр: «Жакынкы сааттарда үйлөргө, мекемелерге жылуулук бериле баштайт»

27 января 2018 12:08 1178 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарыны мэри Албек Ибраимов соцтармактагы баракчасында батирлерде жылуулук өчүрүлгөндөн улам сууктан үшүгөн шаар тургундарын Call-борборлорго чалууга чакырды.

Ибраимов билдиргендей, Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) жабдык иштен чыгып, анын кесепетинен жылуулук берүү температурасы төмөндөгөн.

 

«Урматтуу шаардыктар жана коноктор!
Бүгүн, 26-январда, кечки саат 18.00 до Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунда утурумдук өндүрүштүк көйгөй келип чыкты. Түйүндүк суу басымы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөп, шаардагы айрым үйлөрдүн, кээ бир мекеме-ишканалардын жылуулук менен камсыз болуусун солгундатты. 
Азыркы суукта бул көйгөйдү болушунча бат чечип , шаардыктарды жылуулук менен камсыз кылыш үчүн кесипкөй адистердин ыкчам жүргүзүлгөн иш аракеттеринин натыйжасында , штаттык температуралык режимди калыбына келтирүү боюнча иш- чаралардын негизги жана орчундуу бөлүгү аткарылды. Жакынкы 4-5 саат ичинде, буюрса, авариянын кесепетинен жылуулук көйгөйүнө тушуккан үйлөрдү ,мекемелерди жылуулук менен толук камсыз кылуу калыбына келип калат. 
Келип чыккан техникалык көйгөйлөрдү түшүнүү менен кабыл алып,чыдамдуулук көрсөткөн шаар тургундарына ыраазычылык билдирем»,-деп билдирди мэр.

Мэр жылуулук менен байланышкан маселелер тууралуу төмөнкү номерлерге кайрылууга чакырды: «Бишкекжылуулуктүйүнү» коомунун Call-борборлоруна:
 (0312) 61-11-69 же кыска номерине: 1980.
Сиздер ошондой эле Ватсапп тармагы аркылуу район акимдеринин орун басарларына билдирүү жөнөтсөңүздөр болот:

  • Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) - 0557 997 927;
  • Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) - 0777 552 211;
  • Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) - 0558 336 640;
  • Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) - 0703 611 806.

Чалуулар күнү-түнү кабыл алынат.

Эске салсак, кечээ, 26-январда, кечки саат алтыларда Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) электр кубаттуулугун 350 МВттан 154 МВтка чейин кыскартылган. Буга ЖЭБдин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүгө керектүү бир жабдуусунун иштен чыкканы себеп болгон. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева билдирген.

​Аныны айтымында, суунун температурасы +84 градустан +62 градуска дейре төмөндөгөн.

"Азыркы тапта штаттык температуралык режимди калыбына келтирүү жумуштары аткарылып жатат. Жакынкы убактарда шаардыктарды жылуулук менен камсыз кылуу иштери дагы жөнгө салынат»,-деп билдирген ал.

Эске салсак, ​Кыргызстанда 26-январдан тартып катуу суук башталды. ӨКМ, 26-29-январь күндөрү абанын температурасы төмөндөп, өлкө боюнча аномалдуу суук аба ырайы болорун шашылыш билдирген. Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым райондордо секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Ссылка: https://barometr.kg/content11082



Добавить комментарий