Астанада кыздар -32 градус суукта көчөдө көйнөкчөн бийлеп жүрүшөт

25 января 2018 09:41 1775 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда колдонуучулар Астанада кыздардын катуу суукка карабай жеңил көйнөкчөн бийлеп жатышканын талкууга алды.

Видеодо, 3 кыз -32 градус чыкыроондо сыртка чыгып алып бийлеп жатканын көрүүгө болот. Кыздар биз үшүгөн жокпуз таризинде көңүл ачууда. Кар ыргытышып, күлүп-бийлеп жатышат.

Алардын мындай жоругу колдонуучулардын арасында ар тараптуу пикирлерди жаратты. Айрымдары аны эркелик дешсе, кээ бирөөлөр кыздардын жүрүм-турумун жеңил ойлуулук катарында баалашты. Ал эми дагы бирөөлөрү аларды колдоп да чыгышты.

Эске салсак, Казакстанда катуу аяздуу суук аба ырайынан улам, мектептер, жогорку окуу жайлар жабылып, өкмөт компаниялар менен мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин адамдарды иш ордунда көпкө кармабоого чакырды. Астанада абанын температурасы - 54 градуска чыкты. 11-январда жергиликтүү бийликтер чукул кырдаал жарыялашкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content11009



Добавить комментарий