Бишкекте өтө турган турнирге беш өлкөнүн боксчулары келет

23 января 2018 09:51 558 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте эркектер жана аялдар арасында бокс боюнча эл аралык турнир болот. Маалымдалгандай, турнирге быйыл Тажикстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстандан спортчулар келишет.

Кыргызстанды өлкөнүн курама командасы жана аймактык өкүлдөр тааныштырат.

Күрөш Кожомкул атындагы Спорт ордосунда, 31-январдан баштап башталат. Ал эми жарым финалдык күрөштөр 3-февралда, финалдар 4-февралда болот.

Турнирди өткөрүү үчүн спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы 1 млн 192 миң сом бөлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content10931



Добавить комментарий