Өкмөттүн басма сөз кызматы: Жанар Акаевдин премьер-министр тууралуу посту - бул үгүт

21 января 2018 16:47 4178 Barometr
Поделиться в:
ok

Өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү депутат Жанар Акаевди өкмөт башчы Сапар Исаковду кемсинтпөөгө чакырды. Жанар Акаев тарабынан анын Facebook социалдык тармагындагы Э.Мергенбаев тууралуу маалыматына жооп катары коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү төмөндөгүлөрдү маалымдайт.

«Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, , Э. Мергенбаев Бишкек шаардык сотунун өкүмү менен КР Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктунда, 210-беренесинин 3-бөлүгүндө (контрабанда жана бажы төлөмдөрүнөн баш тартуу) каралган кылмыштар боюнча күнөөлүү деп табылган, аны 6 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы берилген.

Кылмыш иши КР Башкы прокуратурасы тарабынан 2015-жылдын 11-сентябрында КР Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүндөгү жана 210-берененин 3-бөлүгүндөгү белгилер боюнча козголгон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө бир нече ирет бардык тийиштүү комиссиялык, курулуш-техникалык жана соттук-бухгалтердик  экспертизалар жүргүзүлгөн. Бардык экспертизалар жумуштун наркынын кескин жогорулатылгандыгын көрсөткөн.

Мындан тышкары Э.Мергенбаев тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына бажы көзөмөлүнөн жашыруун жана мамлекет бюджетине тийиштүү бажы төлөмдөрүсүз отургучтар киргизилип, алар ипподромго орнотулган.

Буга байланыштуу эскерте кетсек, премьер-министрдин сот процессинин жүрүшүнө кийлигишүүгө укугу жок. Чыгарылган чечимдердин адилеттигине кызыкдар катары Өкмөт башчы Сапар Исаков сотко, анын мындан аркы аракеттерине, анын катарында Э.Мергенбаев тарабынан коргонуу аракеттерине басым жасоону жокко чыгаруу иретинде чыгарылган чечимге комментарий бербейт.

Жанар Акаевдин «Ууру жүрөт, карма ууруну карма деп…» атуу билдирүүсү аныкталбаган маалыматка, имиштерге негизделген. Посттун аталышы акаарат келтирүү мүнөзүнө ээ. Премьер-министр Сапар Исаковдун пикирин билдирүүдө коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү депутатты маалыматтык чагым менен алектенбөөгө, ыйгарылган депутаттык мандатты, өз пикирин билдирүү укугунан пайдаланууда жоопкерчиликтүү болууга чакырат. Иштеп жаткан бийликти каралоо, өз атын чыгаруу мүмкүндүктөрүн издөө жана Өкмөттүн күч-аракетин дискредитациялоодо күдүк упайларды топтоо, ошондой эле жеке саясий позициясын изденүүдөн тышкары ЖК депутаты катарындагы өзүнүн маанилүү милдети – өлкө жарандарынын жашоосун жакшыртуу үчүн мыйзам демилгелерин көтөрүү тууралуу эстеп коюусу пайда гана алып келмек”.

Ссылка: https://barometr.kg/content10885



Добавить комментарий