Бирөөнүн бөйрөгүн сатууга аракеттенген аялы менен күйөөсү түрмөгө кесилди

19 января 2018 14:12 2521 Barometr
Поделиться в:
ok

Астанада эркек адамдын бөйрөгүн сатууга ниеттенген аялы менен күйөөсүнө сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, былтыр бул эки жергиликтүү жашоочу интернеттеги сайттардын бирине бөйрөк сатуу тууралуу жарыяны чыгарышкан. Анны баасы 6 млн теңге деп белгиленген. Жалган кардар, аларга акчаны санап берген. Андан соң тургундарга карата Казакстандын Кылмыш кодексинин 24-беренеси боюнча иш козголду.

Сот ал экөөнү күнөөлүү деп таап, шарттуу түрдө 5 жылга эркинен ажыратты.

Соттун өкүмү мыйзамдуу түрдө күчүнө кире элек.

Ссылка: https://barometr.kg/content10866



Добавить комментарий