Аалы Карашев, ЖКнын депутаты: “Жогорку окуу жайларында сырттан окугандар бир жолу катталып коюп беш жылдан кийин келет деген сөздөр бар”

10 марта 2017 12:40 493 Barometr
Поделиться в:
ok

 Учурда “СДПК” фракциясынын фракциялык жыйынында  билим берүү тармагынын өнүгүүсү боюнча  угуу жүрүп жатат. Фракцияда сөз алып сүйлөгөн депутат Аллы Карашев “Акыркы 5 жылдын ичинде мамлекет, өкмөт  тарабынан  билим берүү тармагына  чоң көңүл бөлүп келе жатат десем жаңылышпайм. Жогоруда айтылып кетти, билим берүү тармагына акча каражаты дагы эки эсе көбөйдү. 28 миллиард деген абдан  чоң сумма акча.  Акыркы төрт беш жылда 400дөн ашык мектеп курулуп жатат, Жер Үйдүн  эсебинен 100 мектеп жаңы курулуп, 100 мектеп капиталдык ремонттон өткөрүлүп жатат. Бул абдан чоң колдоо жүрүп жатат дегенди билдирет. Ушунчалык камкордук  көрүлүп жаткандан кийин бүгүн билим берүүнүн сапаты боюнча мактана алабызбы?  Билим берүү тармагында  атайын    кандай өзгөртүүлөр  киргизилип жатат? Жогорку  окуу жайларында  сырттан окугандар  бир жолу катталып коюп  беш жылдан кийин келет деген сөздөр бар”-деген суроо узатты.  Буга билим берүү министри  өзүнүн болгон күч аракетин жумшап жатышканын айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/content1085



Добавить комментарий