Атамбаевдин "Кыргызстаным" аттуу ырына мыкты клип тартылды

18 января 2018 09:44 3842 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин "Кыргызстаным" аттуу чыгармасына видеоклип тартылды. Бул тууралуу ырчы, композитор, продюсер Актан Исабаев билдирди.

Клип кечээ, 17-январда, Актан Исабаевдин продюсеердк борборунун каналында жарыяланган.

Исабаевдин айтымында, видеоклипти тартуу идеясы КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешевге таандык.

Ырдын аранжировкасын Актан Исабаев даярдаган. Марш-ырды аткаргандар: Толгонай Осмонова, Жусуп Айсаев, Тилек Найманбаев, Филармониянын камералык хору.

Башкы хормейстер — Гүлбара Маматова.

"Клип, мекенге болгон сүйүү үй-бүлөдөн баштлараны баяндайт. Мекенди сүйүү эненин сүтүнөн башталат", - деп жазды Исабаев.

Ырдын сөзү жана обону – Алмазбек Атамбаевдики.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев "Кыргызстаным" аттуу чыгармасын 2016-жылы жазган.

Ссылка: https://barometr.kg/content10798



Добавить комментарий