Самара Каримова белгилүү ырчы менен дуэт ырдап чыгат

17 января 2018 14:27 7785 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү ырчы, КРнын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова жакынкы күндөрү белгилүү ырчы айым менен дуэт ырдап чыга турганын barometr.kgге билдирди.

“Жакында эле Кыргызстанга белгилүү ырчы менен чогуу дуэт жаздырдык. Жакынкы күндөрү күйөрмандарга тартуулайбыз. Ал ырчы жана жаңы чыгарманы азырынча сыр боло турсун. Убагы келгенде эл өзү күбө болушмакчы. Мындан тышкары быйылкы жылы чыгармачылыкка дагы катуу киришем. Жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тарттырганы жатам”,-деди Самара Каримова.

Ырчы чыгармачылык менен катар Оштогу  кыргыз драма театрында “Илегилек” драмасында башкы каармандын ролун аткарганын, февраль айында 3 күн катары менен Ошто көрсөтүлө турганын кошумчалады.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10786



Добавить комментарий