«Манас» аэропорту Аллегровадан туманды айдап салуусун сурангысы келет

16 января 2018 17:15 1279 Barometr
Поделиться в:
ok

"Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова, аба ырайынан улам каттамдар кечиккен учурда жүргүнчүлөргө ким тамак уюштурушу керектигин түшүндүрдү.

Анын айтымында, мындай убактарда жүргүнчүлөрдү тамактандыруу жана жайгаштыруу штерин авиакомпания жасашы керек.

"Мына эки күндөн бери «Ош» аэропортунда коюу туман байкалып жатат. Учактар «Манас» аэропортуна конушууда. Буга байланыштуу каттамдар убактылуу токтотулду, жүргүнчүлөр болсо нааразы. Бирок, кичи пейилдикке, бул биздин күнөө эместигин түшүнүңүздөр, биз үчүн башкы нерсе – бул сиздердин коопсуздугуңуз. Колдору менен туманды айдап салсын деп Ирина Аллегрованы чакыргың келет, анткени булуттарды ал кубалайт го, бирок болбойт дешти. Темага келсек. Жүргүнчүлөрдүн тамак-ашы менен түнөөсү аэропорттун компетенциясына кирбейт.

КРдын авиациялык эрежелерине ылайык, эгер каттам 4 сааттан ашык кечиксе, авиакомпаниялар өзүнүн жүргүнчүлөрүнө ысык тамак уюштурушу керек. А эгер 8 сааттан ашса анда кайрадан эле компаниялар жүргүнчүлөрдү мейманканага жайгаштырышы керек. Аэропорт болсо башка кызматтарды көрсөтөт", - дейт ал.

Эске салсак, бүгүн Москва жана Санкт-Петербургдан багыт алган учактар «Манас» эл аралык аэропортуна конушкан. Ошондой эле Бишкек-Ош багыты боюнча ички каттамдар кечигүүдө.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10754



Добавить комментарий