Исаков криминогендик абалды жакшыртуу боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды

16 января 2018 10:00 586 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министри Сапар Исаков 15-январда, өлкөдөгү учурдагы криминогендик абалды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, аталган маселе калк арасында бир топ кооптонууларды жаратууда, буга байланыштуу тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан жарандардын коопсуздугу талаптагыдай камсыздалышы тийиш.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Исраилов маалымдагандай, бүгүнкү күндө ички иштер органдарынын ишинде негизги басым кылмыштарды иликтөөнүн сапатын жогорулатууга, аларды жашырууга, ошондой эле укук бузууларга жол бербөөгө жана алардын алдын алууга жасалууда.

Анын айтымында, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түрдүү кылмыштардын бетин ачыктоо көрсөткүчү жакшырган. Мындан тышкары, Улан Исраилов өлкөдөгү резонанстуу жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачууга өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын маалымдады.

Ички иштер министри кошумчалагандай, кылмыштар боюнча негизги күч Бишкек шаарына жана Чүй облусуна туура келет.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов маалымдагандай, «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасын жана «Таза Коом» улуттук долбоорун ишке ашыруу алкагында учурда ведомство аркылуу «Кылмыштарды каттоого алуунун электрондук китеби» автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизүү жүрүүдө. Аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча ишти жыйынтыктоо үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын соңуна пландаштырылууда.

Өкмөт башчы кылмыштарды каттоого алуунун бирдиктүү маалыматтар базасын ишке киргизүүдө ички иштер органдарынын ишинин ачыктыгын жогорулатууга жана аны бир кыйла жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет деп белгиледи. Буга катар премьер-министр белгилегендей, «Акылдуу шаар» долбоорунун ишке ашырылышы да өлкөдөгү кылмыштуулуктун бетин ачууну жогорулатууга көмөктөшөт.

Сапар Исаков Ички иштер министрлигине өлкөдөгү криминогендик абалды жакшыртуу, анын ичинде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана жашы жете электер арасында профилактикалык иш-чараларды күчтөндүрүү боюнча активдүү ишти улантууну тапшырды.

Ссылка: https://barometr.kg/content10722



Добавить комментарий