Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт

15 января 2018 14:01 714 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте 31-январда, аялдар менен эркектердин арасында бокс боюнча эл аралык турнир башталат. Турнир Советтер союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналат.

Бардыгы болуп 13 медаль ойнотулат: (эркектер арасында 49 кг, 52 кг, 56 кг, 60 кг, 64 кг, 69 кг, 75 кг, 81 кг, 91 кг чейин, 91 кг жогору), (аялдар арасында 51 кг, 60 кг, 75 кг чейин).

Мелдештин уюштуруучулары болуп Жаштар иштери, дене тарбия жана порт боюнча мамлекеттик агенттиги жана КРдын Улуттук бокс федерациясы эсептелет.

Ссылка: https://barometr.kg/content10702



Добавить комментарий