Астанада жол кырсыгынан улам кыргызстандык каза тапты

13 января 2018 13:39 959 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстанда кечээ, 12-январда, саат түшкү бирлерде Астана-Караганда жолунда, Акмола областынын Аршалы районундагы Ижевск айылынан алыс эмес жерде кыргызстандык жаранды сүзүп кетишкен. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аршалы РИИБсинин маалыматына ылайык, жол кырсыгынын кесепетинен 1973-жылы туулган, Ош областынын Кара-Суу районунун Кызыл-Кошчу кыштагынын жашоочусу А.Ж. аттуу жаран каза тапкан.

Сүзгөн унааны Каазакстандын жараны Ерлан башкарып келаткан. Анын айтымында, туруксуз, бороондуу аба ырайынан улам ал жолдун өтүүгө болбой турган жеринен өткөн кишини байкабай калган.

А. Ж. тууганы У. А. (айдоочу) менен, ВАЗ 21.07 унаада Казакстандан Кыргызстанга кетип бараткан.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content10665



Добавить комментарий