Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери куттуктоо телеграммалары менен алмашты

13 января 2018 13:27 682 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандыгынын 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммалары менен алмашты.

«Дипломатиялык мамилелер орнотулган чейрек кылымдын аралыгында кыргыз-тажик кызматташтыгы өз ара урматтоо, жакшы коңшулаштык принциптеринин, элдер ортосунда тарыхый жактан калыптанган достук жана өз ара түшүнүшүү салттарынын негизинде бекемдеп жана өнүгүп келди. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бекем мамиле түзүлдү, түрдүү багыттарда натыйжалуу өз ара аракеттенишүүнүн олуттуу тажрыйбасы топтолду. Биз ошондой эле КМШнын, БУУнун, ШКУнун, ЖККУнун жана башка көп тараптуу структуралардын алкактарында жигердүү кызматташып жатабыз”, -деп белгиленет президенттин куттуктоосунда.
Сооронбай Жээнбеков ошону менен бирге эки тараптуу кызматташуунун топтолгон жакшы тажрыйба кыргыз-тажик мамилелерин өлкөлөрүбүздүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн мындан ары өнүктүрүүгө жана аймакта туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого өбөлгө болоорун белгиледи. Кыргызстандын президенти Тажикстандын президентине чың ден-соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, бир тууган Тажикстан элине бакубатчылык, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.
Тажикстандын президентинин куттуктоо телеграммасында Кыргызстан менен кылымдарды карыткан тамыры терең жакшы коңшулаштык, достук мамилелер Тажикстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп келген жана мындан ары дагы ошол калыбында кала берээри белгиленген.
“Ушул мезгилдин аралыгында биргелешкен аракеттер менен өз ара аракеттенишүүнү өнүктүрүүдө кызматташуунун негизги бардык багыттары боюнча жакшы жыйынтыктарга жетише алдык. Бул жагдай тажик-кыргыз өз ара пайдалуу өнөктөштүк мамилелерин мындан ары тереңдетүүгө олуттуу негиз түздү. Сиздин алдыдагы Тажикстанга жасачу расмий сапарыңыз эки өлкөнүн көп пландуу кызматташуусуна жаңы дем берип, бир тууган элдердин түпкү кызыкчылыктарына ылайык анын деңгээлин дагы жогорулатат деп ишенем”, -деп белгиленет Тажикстандын президентинин куттуктоосунда.
Эмомали Рахмон Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук, бакыт-таалай жана Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүнө багытталган ишмердигинде белгиленген максаттарга жетишүүсүн, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Ссылка: https://barometr.kg/content10664



Добавить комментарий