Сыймык Бейшекеев дүйнөнү түрө кыдырат

13 января 2018 13:16 2553 Barometr
Поделиться в:
ok

Жакында эле АКШнын бир катар шаарында болуп, ал жактан “Боордошторум” аттуу ырына клип тарттырган КРнын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев быйылкы жылы чыгармачылык сапары менен бир катар өлкөдө болоорун barometr.kgге билдирди.

“Кудайым буюрса, быйыл чыгармачылык чоң сапардын жылы болот деп турабыз, Түркия, Россия, Казакстан, Европа, АКШ, Япониядагы баардык мекендеш боордошторубуздун чакыруусу боюнча, жакшы концерт, өнөр кербени менен бармакчыбыз. 2018-жылдагы алгачкы кербенибиз 28-январь күнү Анкара, 3-февраль Анталья, 4-февралда Стамбул шаарларында башталмакчы”,-деди Сыймык Бейшекеев.

Ырчы жакында “Боордошторум” аттуу клиби даяр болгонун, жакынкы күндөрү күйөрмандарга тартуулай турганын кошумчалады.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10662



Добавить комментарий