Дайынсыз жоголгон 17 жаштагы кыз изделүүдө

13 января 2018 12:01 865 Barometr
Поделиться в:
ok

Сокулук райондук ИИБси 2000-жылы туулган, дайынсыз жоголгон Мийзамидинова Аманкыз Жеңишбековнага издөө салды. Бул тууралуу Чүй областык ИИББсинин басма сөз кызматынан билдирди. Жоголгон кыз Москва районуна караштуу Стретенко айылындагы Центральная №180 көчөсүндө жашайт.

Чүй областык ИИББсинин маалыматына ылайык, Аманкыз 13.12.2017-жылы Жаңы-Жер кыштагындагы лицейден чыккан боюнча кайрылып келген эмес.

Белгилери: бою 165-168 см, арыкчырай, чачы кара, узун, кашы кара, көздөрү күрөң түстө, бет түзүлүшү сүйрү.


Кийген кийими: капюшону бар узун көк куртка, кара шым, кыска көк өтүк, жанында жинсы рюкзак-сумкасы бар.

Жаран тууралуу маалыматы бар, аны көрүп-билгендер болсо төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар: Чүй ОИИББси күзөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Сокулук РИИБси күзөт бөлүмү (0312) 60-75-67, 0704 01 23 76, 0707 43 41 70 (издөө тобу)

Ссылка: https://barometr.kg/content10657



Добавить комментарий