«Автоунаа жолдору жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизилди

12 января 2018 14:07 761 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков «Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам  автомобиль жолдорун курууда жана кайра калыбына келтирүүдө подрядчылардын жоопкерчилигин арттыруу, ошондой эле жолдордун сапатын жакшыртуу жана жолдорду өз учурунда  тейлөөнү камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Аталган максаттарга кепилдик мөөнөтүн узартуу механизми аркылуу жетүү сунушталат. Башкача айтканда автомобиль жолунун участогун куруу, кайра калыбына келтирүү жана оңдоо  боюнча жумуштарды аткарган подрядчы  заказчыга  аткарылган иштеринин сапаты коюлган талаптарга жооп берээрине кепилдик берет. Подрядчынын айынан  кетирилген  дефектилер аныкталса, аны оңдоону кайра подрядчы өзү кепилдик кылат.

Жаңы автомобиль жолдоруна 5 жылдык мөөнөт кепилденген, ал эми кайра калыбына келтирилген жана оңдолгон автомобиль жолдору заказчыга тапшырылгандан тартып 3 жылдык мөөнөткө кепилденет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/content10642



Добавить комментарий