Назира Айтбекова: “Саамайыман сылап, жытыма кумарланып жат”

12 января 2018 12:20 6464 Barometr
Поделиться в:
ok

Калайык- калктын көңүл борборунан акыркы фотосессиялары менен түшпөй келе жаткан белгилүү теле алып баруучу Назира Айтбекова аялзатынын жан дүйнөсүнө байланышкан сезимдер боюнча пикирин билдирди. Алып баруучу бул тууралуу интернеттеги баракчасына мындай деп жазган: «Сен мени издеп тапканда колумду кое бербе, макулбу? Ысып кетсем, көлөкөңдү бер. Үшүп кетсем, кучагыңда жылыт. Тентектик жайым бар. Асылып айлаңды кетирсем, кашыңды серпип, какпа. Ашыкча эркелеп жиберсем, "Эркетайым" деп саамайыман сыла. Сыртыңды салба, сырыңды төк. Түйдөктөй түпөйүл турса көңүлүңдө жайдары жайгарып алам. Ишен мага. Түндөсү далыңды салба. Үшүйм. Корком. Бооруңа башымды жөлөп уктайын. Саамайыман сылап, жытыма кумарланып жат. Эгизиңдей көр. Ээрчитип ал. Көлөкөңө көлөкөмдү катып басайын. Түнөш үчүн эмес түбөлүккө түтүш үчүн бол. Жашоонун оорун жалгыздайм дебе. Жаныңда жардамын берген мен болом. Мен сага күлгөндү, түпөйүлдү жазганды, жашоону сүйгөндү, жалгыздап эмес жандап басканды үйрөтөм. Жашообуздун соңунда 90го чыгып, томолонуп калганда ыраазы болуп бири-бирибизге, сүйүү оролгон өмүрүбүзгө алкыш айтып, ээрчишип, эрмектешип, Жараткандын жанына кетебиз. Жалгыз кетем дебе. Жалгыз кетирбе. Көрдүңбү, кызыктуу жашообуз бар. Сен мени күттүрбөй кел, макулбу?».

“P.s. жөн эле эргүү келгенде чиймелеп койдум. Менин эле жан дүйнөм эмес баардык аял затынын жан дүйнөсү. Эркектер түшүнсүн кыязында жазылды”,-дейт Айтбекова.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10636



Добавить комментарий