Катуу шамалдан улам чукул кырдаал жарыяланып, аэропорттор жабылды

12 января 2018 11:54 761 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын борбор калаасы Астанада туруксуз аба ырайынан улам, 11-январда жергиликтүү бийликтер өзгөчө кырдаал жарыялашты. Бул тууралуу Nur.kz жазды.

Катуу шамал, бороондун кесепетинен жолдор жабылып, мектептеги сабактар токтотулду. Ылдамдыгы секундасына 15 метрге жеткен катуу шамал имараттардын шиферин, дубалдардагы плиткаларды жулуп кеткен.

Атайын кызматтар шаар тургундарын зарылчылык болбосо сыртка чыкпай турууга чакырган.

Ссылка: https://barometr.kg/content10634



Добавить комментарий