Көк-Бөрүнүн оюнчусу башы кесилген эчкини тоңгон сууга кирип алып чыкты

12 января 2018 09:26 765 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда белине чейин жылаңачтанып алган эркек киши тоңгон көлмөнүн тешилген жерине кирип алып башы кесилген эчкини издеп жатканы талкууга алынды. Алар аны муз үстүндөгү Көк-Бөрү оюну учурунда кокустан түшүрүп алышкан.

Видеону окуга күбө болгондор тартып интернетке жүктөп коюшкан.

Анда баары сууга кирген жаранды карап турганы көрүнөт.

Карап тургандардын айрымдары аны муздак суудан чыгууга үндөп жатты.

Бирок жаран суудан чыккан эмес жана башы кесилген эчкини издөөнү уланткан. Бир нече убактан кийин ал аны таап алып чыккан. Ошентип оюн кайрадан улантылган.

Ссылка: https://barometr.kg/content10622



Добавить комментарий