Кыргызстанда Манас баатыр тууралуу тасма тартуу сунушталды

11 января 2018 17:28 1677 Barometr
Поделиться в:
ok

«Айтыш» коомдук фондунун директору, «Айтыш-фильм», киностудиясынын продюсери, КРдын Кинематографисттер союзунун мүчөсү Фархад Бекманбетов Манас тууралуу тасма тартууну сунуштады. Бул тууралуу ал интернеттеги баракчасында билдирген.

"Манас жөнүндө тасма тартууга убакыт келип жетти деп ойлойм", - дейт ал.

Анын мындай демилгесин кино тармагынын белгилүү ишмерлери колдоду.

Эске салсак, Манас – элдин бүтүндүгүн жана жерин сактаган, кыргыз элинин легендарлуу баатыры. «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча тизмесине, ошондой эле, дүйнөдөгү көлөмдүү эпос катарында Гиннес китебине кирген.

Эпосто Манас баатырдын эрдиги эле эмес, ошондой эле, кыргыздардын тарыхы жана каада-салты айтылат.

Ссылка: https://barometr.kg/content10614



Добавить комментарий